Menu

Республикалык штаб: Медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүү зарыл

Бөлүшүү:

Медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө COVID-19 жуктурууга жол бербөө үчүн инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине мындай тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди.

«Бул маселеге бөтөнчө көңүл буруу зарыл», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймактагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан  санитардык-эпидемиологиялык жана башка чаралар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик имараттарда дезинфекциялоо  жүргүзүлүп, мобилдик бригадалардын иши күчөтүлдү.

Биринчи вице-премьер-министр Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди.

«Түзүлгөн абал жугуштуу инфекциянын жайылышынын алдын алуу максатында шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруу керек. Ошондой эле оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

Ыкчам штабдын мүчөлөрү бүгүнкү күндө коронавирус боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан лабораториялардын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү маселесин талкуулады. Көчмө лабраторияларды сатып алуу жана тийиштүү адистерди окутуу ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Чет өлкөдөн келген жарандарды обсервациялык пункттардан аймактардагы жашаган жерине жеткирүү боюнча уюштурулаган алгоритмди сактоо маселесине өзгөчө басым жасалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: