Нарындагы памирлик боордоштор Ошко көчүрүп келинет. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
“Кечээ, 21-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунундагы памирлик кыргыздарга деген үйлөрдүн курулушун баштоо иш-чарасына катышты. Үй курууга республикалык бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүндү. Памирлик кыргыздарга 7 үй курулат. Аталган үйлөргө Нарын облусундагы памирлик кыргыздар көчүрүп келинет”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2019-жылы Ооган аймагынан 11 үй-бүлө көчүрүп келинген. Алар Сары-Могол айыл аймагындагы мектептин имаратына жайгаштырылган. Тийиштүү тирилик техникасы, шарттар менен камсыз болгон. Өкмөт тарабынан дагы Памирден боордошторду көчүрүп келүү жана турак жай менен камсыздоо пландары коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ