Menu

Бир жума аралыгында санитардык талаптарды аткарбаган 53 ишканага жалпысынан 209 миң сомдук айып салынган

Бөлүшүү:

Апта ичинде 53 ишканага санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн протокол түзүлдү. Аларга жалпысынан 209 миң сомдук айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

“Мэриянын алдындагы санитардык-экологиялык инспекция шаардагы мындай жайларга карантин учурунда рейд жүргүзгөн. Анын алкагында санитардык эрежелерди сактабаган эки кафе толук кандуу иштеп жатканына күбө болгон. Ал жерде эч кандай санитардык нормалар сакталган эмес, орундуктарда кардарлар отурушкан, аларды тейлеген кызматкерлер толук курамда кадимкидей иштеп жүрүшкөн. Кардарлар, иштеген кызматкерлер бет кап дагы кийген эмес. Кафелердин кожоюндарына карата протокол түзүлдү. Ага ылайык, юридикалык жактарга 13 миң сомго чейин, жеке жактарга 3 миң сомго чейин айып салынат”, – деп айтылат мэриянын маалыматында.

Учурда аталган инспекция тарабынан шаар ичинде рейд жүргүзүү улантылууда. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн-брифинг учурунда коомдук тамактануучу жайлар 25-майдан тартып иштей турганын билдирген. Анын айтымында 25-майдан тартып 50дөн ашпаган адамга ылайыкталган коомдук тамактануучу жайлар, ресторандар, жайкы кафелер иштесе болот. Андагы негизги талап ар бир столдун аралыгы 1,5-2 метрди түзүшү керек.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: