Menu

Супермаркеттен антисептик уурдаган аял 40 сааттык коомдук иштерге тартылды

Бөлүшүү:

Сокулук райондук соту супермаркетте уурулук кылган аялга коомдук иштерге тартуу өкүмүн чыгарды. Чечим КРнын Жогорку Сотунун сайтында жайгаштырылган.

(Аттар өзгөртүлдү)

Ажар 153 сомдук антисептикти уурдады деп айыпталган. Аял кир жуугучу каражаттар сатылган катардан спрейди алып, сумкасына салып, андан кийин жашылчалар саткан бөлүмүнгө барып, 50 сомго 600 грамм бадыраң тартып алган. Товардын баасы көрсөтүлгөн кагазды баштыкка чаптагандан кийин дагы 200 грамм барыдаң алып ошол эле баштыкка салган. Ажар кассадан бадыраң үчүн гана 50 сом төлөгөн. Ал супермаркеттен чыгып бара жаткан жеринен кармалган.

Анаранын иш-аракеттери КРнын Кодексинин 90-беренесинин “Уурулук” беренеси боюнча каралган.

Ажаранын товардын бир бөлүгүнө акчасын төлөбөй кетип баратканын көрүп калган супермаркеттин кызматкери сотто көрсөтмө берип, аялды кармаган учурда ага кырдаалды түшүндүрүп берүү үчүн иш бөлмөгө өтүүнү суранышкан. Бирок, Ажар “Ким экенимди билесиңби?” деп, кызматкерди бир эки жолу уруп, түрткөн.

Ажар күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Ал баштыкка эки бадыраңды салып койгонун айткан. Бирок, антисептикти колу бош эмес болгондуктан сумкага салып койгонун айткан. Ал буга чейин такыр уурулук кылбаганын, ошол учурда жолдошу менен урушуп кетип, бир аз спирттик ичимдик ичкенин билдирген.

Ошондой эле, ал жабырлануучу барып, кечирим сураганга аракет кылганын айтып, бирок ал тосмо арыз жазуу үчүн 200-300 доллар сураган. Андай акча жок болгонун айткан.

Жыйынтыгында, сот 40 сааттык коомдук иштерге тартуу өкүмүн чыгарды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: