Menu

Тажикстанда кытай жумушчуларынын козголоңун тажик ОМОНу келип басты

Бөлүшүү:

Тажикстандын Зарнисор шаарчасында жайгашкан «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясындагы» жумушчулардын козголоңу токтотулду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрилиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-майда түштөн кийин таш жана таяк менен куралданган 60ка жакын кытайлык жумушчу компаниянын башкы кеңсесине кол салышкан. Окуя болгон жерге ИИМдин карамагындагы ОМОНдун кызматкерлери жөнөтүлгөн.

«Козголоң чыгаргандарды тынчтандыруу үчүн милиция кызматкерлери асманга ок атышты. Каза болгондор жана жаракат алгандар жок», — деди Согди облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү.

Жумушчулардын нааразылыгына айлыктарынын өз убагында берилбегендиги себеп болгону кабарланууда. Айрым булактардын маалыматына караганда, жумушчулар коронавирус эпидемиясына байланыштуу компания аларды мекенине жөнөтүүдөн баш тарткандыгына нааразы болушкан.

Бүгүнкү күндө «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясында» Кытайдан келген 60ка жакын жумушчу жана инженер иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: