Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Байланышта болгон адамдардын саны көбөйүп жатат, алардын аягын үзүш керек, ошондуктан социалдык аралыкты сактаңыздар”

Бөлүшүү:

22-майга карата коронавируска чалдыккан бейтаптар менен байланышта болгондордун саны 6600 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Ал жарандардын ортосундагы социалдык аралыкты эске албагандыктан, байланышта болгондордун саны өсүп жаткандыгын айтты. Ал байланышта болгон жактар тууралуу маалымат берди:

– Бишкек шаарында 348 адам коронавируска чалдыккан. “Анын ичинен 52си сырттан алынып келинген. Алар менен байланышта болгондордун саны 727ге жетип жатат. Баары лабораториялык тастыктоолордун жыйынтыгында табылып, бардыгын текшерип келе жатабыз. Ошонун ичинен 307си медициналык көзөмөлдөн чыгарылып, бирок 124ү дагы деле байланышкан жак катары биздин көзөмөлдө” – деди Нурболот Үсөнбаев.

– Чүй облусу: ооруга чалдыккандар – 108, байланышта болгон – 808 адам,

– Ош шаары: ооруга чалдыккандар – 132, байланышта болгон – 1153 адам.

– Ош облусу: 120 сырттан келген учур, байланышта болгон – 1244 адам,

– Нарын облусу: 3 эле учур сырттан келген. “Бүгүнкү күндө 242 учур катталып, 1565 адам байланышка болгон болуп жатат. Анын бардыгын лабораториялык жактан текшерип, учурда 746 киши көзөмөлдө турат” – деди Үсөнбаев.

“Бул эмне деген сандар? Бул бири-бирибизге жакын жүрүп, дистанция сакталбай, байланышта учурунда вирусту жугузуп алуу коркунучу бийик болуп жатат. Байланышта болгон адамдардын саны көбөйүп жатат, алардын аягын үзүш керек. Социалдык аралыкты, гигиеналык эрежелерди толук сактасак” – деди Нурболот Үсөнбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: