Menu

Экс-депутат Аскарбек Шадиевдин жубайы кайрылуу жасап, жолдошу жасабаган иши боюнча соттолгонун айтты

Бөлүшүү:

Коррупцияга айыпталган экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жубайы Асел Шадиева күйөөсүнүн кылмыш иштери жана ага карата козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү жасады. Анын билдирүүсүн Kaktus.media басылмасы таратты.

Ал айрылуусунда аялдарга жана энелерге, ошондой эле Конституциянын кепилдиги болгон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

“Мен,  Шадиева Асель Каныбековна, Кыргыз Республикасынын жараны жана төрт баланын энеси, экөө жашы жете элек. Жолдошум Ч.Айтматов атындагы сыйлык берүү ишинде айыпталып, 10 жылга соттолгон. Ал жасабаган иши боюнча соттолгонун билем” – дейт Асел Шадиева.

Ал ЖКнын Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтургандыгын эскерди.

“Эгер эч кандай зыян келтирилбесе, анда жазанын жолдошума болгон оордугу түшүнүксүз” – дейт ал.

Шадиевдин жубайы 2010-жылдын май айында күйөөсүн беткапчан адамдар уурдап кетишкенин, үй бүлө катуу стресске кабылганын айтты. Анан ал бардык акчаны кун катары берген. Кийин күйөөсү аны уурдап, сабаганын айтып, уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракеттерине окшоп экенин айткан.

“8 жылдан кийин, көзөмөл жана тыңшоо кайталана баштады, менин күйөөм өз коопсуздугу жана үй-бүлөсү үчүн, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду” – деп билдирди Асел Шадиева.

2018-жылдын 28-апрелинде кылмыш иши козголуп, качып кеткен саясатчынын жубайынын айтымында, ага жана анын туугандарына кысым көрсөтүлө баштаган. Ал УКМКга күнүнө 5-6 саат суракка барган.

“2018-жылдын июнь айында УКМКнын мурунку башчысы Идрис Кадыркулов мени өзүнүн кеңсесине “чайга чакырды”. Ал бул иш буйрутма болгондуктан, сотто биротоло кулай турганын айтып, колу менен шыпты көрсөткөн. Бул деген буйрутма өйдө жактан берилгенин билдирет” – деп билдирди Шадиева.

Шадиева УКМКга жалпысынан 8 жолу чакырылган. Ал Башкы прокуратурага жана президентке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгына нааразычылыгын билдирген. Бирок ал эч кандай реакция болгон эмес.

Асел Шадиева адилеттүүлүккө болгон ишенимин жоготуп, жашы жете элек балдары менен 2018-жылдын август айында өлкөдөн чыгып кеткендигин баса белгиледи.

“Эки жылдан бери мен өлкө сыртында жалгыз жана колдоосуз жашап жатам. УКМКдан менин кайда экенимди, почтамды бузуп, жеке маалыматтарыма кирүү мүмкүнчүлүгүн алганы жана мага келем деп коркутканы жөнүндө билдирүү алып турам. Мени жана үй-бүлөмдү куугунтуктоо токтобой жатат, иштер козголуп, сотто сырттан жүрүп жатат” – деп жазат Шадиева кайрылуусунда.

“Азыр УКМК мага каршы дагы бир кылмыш ишин козгоп жатат. Мындан ары унчукпай коё албайм. Эң башынан эле биздин үй-бүлөбүздүн кирешелери мыйзамдаштырылып, декларацияланган деп айтканбыз. Тергөөнүн негизи катары менин декларациям колдонулган. Кыргыз Республикасынын мыйзамы мүлктүн кол тийбестигине кепилдик бериши керек, бирок тескерисинче. Менин укугум жана балдарымдын укугу бузулуп жатат” – деп жыйынтыктаган Асел Шадиева.

Эске салсак, 2019-жылдын 25-декабрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган.

Ошол эле соттун чечими менен Шадиевдин эсептеринде жана банк ячейкаларына, “Карвендеги” уставдык капиталдагы үлүштөр, “Боорсок плюс”, “Континенталдык Сервис”, “Aqua Invest” жана башка ЖЧКларда, бир нече батирлерде, турак эмес жайларда, автоунаалары ж.б. камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: