Menu

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам октон жаракат алган 2 аскер кызматкери ооруканадан чыгарылды

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жарадар болгон 3  аскер кызматкери   Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жатышкан. Бүгүн, 22-майда 2 аскер кызматкердин дарылануусу аяктап, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей , алардын абалы канааттандырарлык. Ал эми дагы бир аскер кызматкери дарылануусун улантат. Анын абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтап бардык дары каражаттары менен камсыздалган.

Эскерте кетсек, 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана бир тургун жаракат алган. Үчөө ооруканага  жаткырылып, бирөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн болчу.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: