Menu

Оренбург облусунан кыргызстандыктар менен чогуу Тажикстандын дагы жарандары чыгып кетүүгө аракет жасашкан

Бөлүшүү:

Россиянын Оренбург облусунан 410 кыргыз жараны мекенге жөнөп кетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги кабарлады.

“КР Өкмөтү тарабынан тогуз автобус каралып, алар менен 417 жаран мекенге жөнөтүлгөн. Акыркы жаңыланган маалыматтар боюнча, 410 кыргыз жараны орус-казак чек арасынан өткөн. Россия тарап 3 жарандын документтери дал келбегендиктен чек арадан өткөргөн жок. Ал эми төртөө Тажикстандын жараны экени аныкталгандан кийин аларды казак тарап өткөрбөй койгон” – деп айтылат маалыматта.

Элчилик кошумчалагандай, өтүп бара жаткан жарандардын бардыгы казак тараптын талаптарына ылайык, медициналык текшерүүдөн өтүшкөн.

“12 айдоочу унааларын тралга жүктөп, автобуска отурушкан. Калган айдоочулар мурунку жашаган жерине жөнөп кетишти. Оренбург облусунун аймагында бир дагы кыргыз жараны жок” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин ТИМ Оренбургдан Кыргызстанга 448 жаран автобустар менен келе жатканын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: