Menu

ЖАМК: Генпрокуратуранын мурдагы кызматкери Кылычбек Арпачиевге мунапыс берилген эмес, ал жаза мөөнөтүн Беловодск айылындагы №45 жатак абакта өтөп жатат

Бөлүшүү:

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев Беловодск айылындагы №45 жатак абакта жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу маалымат ЖАМКтын сайтында жарыяланды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын сайтында 2016-жылы Арпачиев эки инстанциянын чечими менен пара талап кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды айтылат. Ал мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка 14 жылга кесилген.

Алардын айтымы боюнча, жаңы мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу Арпачиевге карата кылмыш иши 2019-жылы кайра каралып, Бишкек шаардык сотунун аныктамасы менен Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылы чыгарган өкүмдөрү өзгөртүлгөн.

“Соттолгондун иш-аракеттери КРнын Кылмыш жаза кодексинин (эски редакция) 326-беренесинин (опузалап талап кылуу) 2-б. 1-п. өзгөртүлүп, ал 10 жылга эркинен ажыратылган” – деп айтылат маалыматта.

2019-жылдын 6-апрелинде Кылычбек Арпачиевдин жатак абакка которуу тууралуу арызын караган ЖАМКнын атайын комиссиясы, арызды четке каккан. Баш тартууга мыйзамдуу негиздер жок болгондуктан 2019-жылы 17-июлда атайын комиссиянын чечими менен ал №45 жатак абакка которулган.

“Бүгүнкү күнгө чейин соттолгон Кылычбек Арпачиев жазасын №45 жатак абакта өтөөдө. Жаза мөөнөтүнүн аякташына дагы 3 жыл 29 күн бар. Кылычбек Арпачиевге карата амнистия колдонулган эмес” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эки күн мурда депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин жыйында $100 миң пара алып жаткан жеринен кармалган генпрокуратуранын кызматкери Кылычбек Арпачиевге мунапыс мыйзамсыз берилгенин айтып чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: