Menu

Екатеринбургдан өлкөгө 22 кыргыз жараны кайтарылды. Арасында сыркоологон бейтаптар жана кош бойлуулар бар

Бөлүшүү:

Екатеринбургдан Кыргызстанга 22 мекендешибиз кайтарылды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-майда Кыргыз Республикасына “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс учуп келди. Аталган рейс Кыргызстандан Россиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн Россия тарабы менен уюштурулган.

“Россия тарабы менен жетишилген макулдашууга ылайык, аталган рейс менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен Кыргызстандын 22 жараны учуп келди. Арасында операция болгон, сыркоологон бейтаптар жана мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар бар. Буга байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: