Өлкөдө коронавируска чалдыккан 11 бейтаптын абалы оор, анын ичинде 4 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда күнү Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, жалпысынан 394 бейтап стационарда жатат. Анын ичинен 320 бейтаптын абалы канаттандырарлык, ал эми 63 адамдын абалы орточо оор.
Кыргызстан боюнча 1365 адамдан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 957 бейтап оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. 14 жаран илдеттен улам каза тапкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ