Гарвард университети – АКШдагы жана дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү университет. Ар кайсы мезгилдерде АКШнын сегиз президенти, анын ичинде Жон Кеннеди, Жордж В. Буш, Барак Обама жана жүздөн ашык Нобель сыйлыгынын лауреаттары окушкан. Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана планетанын эң бай адамы Билл Гейтс да билим алган. Жыл сайын бир орунга 15ке жакын адам талапкер болот. Биздин мекендештерибиздин ушундай абройлуу ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү болгону бизди абдан кубандырат.
2020-жылы алты кыргызстандык Гарвард университетине тапшырган. Бир жыл ичинде алты кыргызстандыктын бул окуу жайга тапшыры рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Limon.kg басылмасы Гарварддын бүтүрүүчүлөрү тууралуу, алардын азыркы жашаган жерин жана эмне менен алектенип жатканын жөнүндө маалымат топтогон.
Гүлнара Каликова. Жашаган жери – Кыргызстан.
Гарвардды 2002-жылы бүтүргөн Кыргызстандагы биринчи айым. Ал Гарварддын Укук боюнча мектебинде окуган. Окууну аяктагандан кийин, ал Kalikova & Associates юридикалык фирмасын негиздеген. Анын максаты юридикалык кызматтарды көрсөтүү менен Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Компания өз тармагында алдыңкы орунду ээлейт жана экономиканын ар кайсы тармактарындагы уюмдар менен кызматташат. Гүлнара Каликова бир нече жолу укук жаатындагы алдыңкы юристтерди камтыган WhoIsWhoLegal тизмесине киргизилген.
Батыр Булат. Жашаган жери – БАЭ.
Гарвард университетин аяктаган алгачкы кыргызстандыктардын бири. Батыр Гарвард бизнес мектебинин бүтүрүүчүсү, 2004-жылы Леонид Блаватник Фондунун стипендиясына ээ болгон. Окууну аяктагандан кийин Улуу Британиядагы Reckitt Benckiser компаниясынын маркетинг боюнча директору болуп иштеген. 2020-жылдан бери Дубайдагы жеке бизнес IFFCO Group жеке компанияда корпоративдик стратегия боюнча директору болуп эмгектенет.
Чолпонбек Жумашукуров, 39 жашта. Жашаган жери – Кыргызстан.
2007-жылы Чолпонбекти бир эле мезгилде Стэнфордду кошо алганда төрт университет кабыл алган, бирок ал Гарвардды тандаган. Окууну аяктагандан кийин, ал АКШда калып, Farallon Capital Management инвестициялык фондунда иштей баштаган. Беш жыл кызмат өтөгөндөн кийин, ал Кыргызстанга кайтып келип, өзүнүн инвестициялык фондун түзгөн. Чолпонбек дагы жигердүү коомдук иш-чараларды жүргүзөт. Ал мыкты талапкерлерге стипендия бөлүп берет жана дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларына кантип иапшыруу боюнча тажрыйбасы жана билими менен бөлүшөт.
Мурат Мадыков. Жашаган жери – Казакстан.
Гарварддын Юридикалык мектебине 2013-жылы Кыргыз-орус славян университтин бүтүргөндөн кийин келген. Учурда ал Казакстанда жайгашкан Verum толук укуктуу кызмат фирмасында иштейт. 2011-жылы негизделген компания Лондон, Амстердам, Дубай, Цюрих, Сингапур, Валлетта жана Бишкекте иштеп жаткан колдоочу компаниялар тармагына ээ.
Назира Бейшеналиева. Жашаган жери – Кыргызстан.
Гарварддагы топ-менеджерлердин программасын бүтүргөн. 2012-жылы ал Бишкек Бизнес Клубунун төрагасы болуп шайланган, клубдун эрежелерине ылайык, бир адам бул кызматты бир эле жыл ээлейт, ушул убакыт бүткөндөн кийин Назира Гарвардга барууну чечкен. Учурда ал Азия Банкынын Директорлор Кеңешинин төрайымы, Ротари Клуб кайрымдуулук фондунун президенти.
Умар Шавуров. Жашаган жери – Кыргызстан.
Умар 2012-жылы Гарвардда окуп бүткөндөн кийин, АКШда калып, Дүйнөлүк банкта иштеген. 2019-жылдан бери ПРООНдун Кыргызстандагы экономиканы калыбына келтирүү боюнча кеңешчиси болуп иштеп келет.
Бекмырза Асанбаев. Жашаган жери – АКШ. Гарварддын дагы бир бүтүрүүчүсү, ал азыр Азия лидерлик борборунун Борбор Азия боюнча регионалдык директору.
Айзада Марат кызы, 32 жашта. Жашаган жери – АКШ, Маунтин-Вью.
2015-жылы Гарварддагы магистратураны аяктаган, ага чейин Ж.Баласын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун директорунун орун басары болуп иштеген. Учурда ал Cooley LLP юридикалык фирмада иштейт. Америкалык юридикалык фирманын штаб-квартирасы Калифорния штатындагы Пало Алто шаарында жайгашкан, дүйнө жүзү боюнча кеңселери бар.
Шамиль Ибрагимов. Жашаган жери – Кыргызстан.
Ал мамлекеттик башкаруу мектебин бүтүргөн. Жон Кеннеди жана Кыргызстан Сорос Фондунун Аткаруучу директору. 2018-жылы Гарвард университетин аяктаган, ал Public Administration багыты боюнча били алган.
Перизат Гарварддын Юридикалык мектебин 2019-жылы бүтүргөн. Гарвардда окуганга чейин, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасында иштеген. 2019-жылы ал мекенине кайтып келип, КР Юстиция министрлигинде иштей баштаган. 2007-2008-жылдары FLEX программасы боюнча Wylie High School окуган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ