Menu

Кафе-ресторандар кардарлардын паспортун текшерип, аты-жөнүн, кирип-чыгуу убактысын жазып турууга милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Кафелердин, ресторандардын жана иштөөгө уруксат берилген башка мекемелердин администрациясы кардарлардын аты-жөнүн жана кирип-чыккан убактысын жазышы шарт. Бул документ кеминде 4 жума сакталышы керек. Бул тууралуу кечээ, 23-майда борбор калаанын мэри Азиз Суракматов онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул чара инфекция болгон учурда эпидемиологдор орулуу адамдын байланыштарын байкоого жана изоляциялап алышы үчүн керек.

Эскерте кетсек, 25-майдан тартып төмөнкү ишкерлерге уруксат берилет.

-Соода аймагы, кийим базарлары. Базарда жарандардын аралыгы 1,5 же 2 метрди түзүшү керек. Ошондой эле баш-аламандыкка жол бербөө зарыл.

– Кафе-ресторандар, 50 орундуктан ашпоосу зарыл. 1,5 же 2 метр аралыкты так сактоосу маанилүү.

-Театрлар, музейлер жана китепканалар.

-Шаар ичинде каттаган автобус, троллейбус жана кичи автобустар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: