Menu

Тажик чек арачылары Орозо айт күнү да кыргыз тарапты көздөй ок чыгарышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-майда, Орозо айт күнү эрте менен Баткен районунун Мойнок айылы менен Тажикстандын  Ворух анклавынын  чектешкен аймагында тажик жарандары малын кыргыз территориясындагы жайытка жая башташкан. Кыргыз чек арачылары эскертүү берип, мыйзам бузуучуларды кыргыз территориясынан кууп чыккандан көп өтпөй тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларын көздөй ок ата баштаган. Бул тууралу КР чек ара кызматынан билдиришти.

Тажик чек арачыларынын чагымына кыргыз тарап да жооп берип, кыска мөөнөттүү атышуу болгон. Атышуунун натыйжасында кыргыз чек арачыларынын арасынан жабыркаган аскер болгон эмес.

Ал эми тажик чек ара кызматы алардын чек арачыларынын бири ок жеп жарадар болгонун  расмий билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, 8-май күнү да тажик чек арачылары Баткенде күтүүсүздөн кыргыз тарапты көздөй минометтон аткылап, 3 чек арачыны жарадар кылган жана чек арага жакын бир үйдү өрттөп салышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: