Экс-спикер Мукар Чолпонбаев бүгүн, 25-майда “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди. Ал кечээ, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус инфекциясынан улам кайтыш болгон.
Маркумду акыркы сапарга узатуу расмисине туугандары, жакындары жана бийлик өкүлдөрү катышты. Бийлик өкүлдөрүнүн арасында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев жана Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов болду.
Мукар Чолпонбаев 24-майда Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында 70 жашында көз жумду. Ошол эле күнү Республикалык штаб коронавирус жуккан бейтап эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткенден көз жумганын кабарлады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ