Бишкекте бир жума ичинде 4 410 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу патрулдук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мас абалында унаа айдаганы үчүн 22 айдоочу кармалса, 16сы алдыңкы терезелерин караңгылатканы үчүн кармалган. Ал эми 69 адам айдоочулук күбөлүгү жок унааны башкарып жүрүшсө, 4 миң 303 адам ар кандай жол эрежелерин бузган. Айып короосуна 113 унаа токтотулган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ