Menu

Видео – Мавлян Аскарбеков: “Тоодон түшкөн, малдан айырмасы жок, жапайы вандалдар Чолпонбай Түлөбердиевдин сейил багына кол салышты, бизде маданият деген жок”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында жаңы ачылган Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакка тоодон түшкөн жапайы вандалдар кол салышты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, малдан айырмасы жок жапайылар баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигиндеги тамгаларды атайылап жулуп салышкан. Эстеликтен тышкары балдар аянтчасындагы селкинчектин отургучун жана жаңы коюлган таштанды урналарды көтөрүп кетишкен. Эки урнаны өрттөп салышкан. Жаңы салынган ажаткананын ичине кирип болбойт.

“Тамгалар атайын бир курч курал менен чыгарылган. Азыркы учурда сейил бакка камералар орнотулду. Алар бир апта ичинде иштей баштайт. Урматтуу шаардын жашоочулары, жалпы элдин мүлкүн талкалоонун кереги жок. Аны калыбына келтирүүгө жана оңдоого акча каражат жана мээнет кетет”, – дейт Мавлян Аскарбеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: