Menu

Алай районунда кийим-кече саткан сатуучуларга соода жүргүзүүгө уруксат берилген жок

Бөлүшүү:

Ош облусунун Алай районунда кийим-кече сатуучу базардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда кийим-кече тармагында иштеген сатуучулар билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн, 25-майда Алай районундагы борбордук базардагы кийим-кече саткан сатуучуларга соода жүргүзүүгө уруксат берилген эмес. Жайылган товарларды кайрадан жыйноого мажбурлаган. Милиция кызматкерлери кийим-кече сатуу боюнча маселенин жообу эртең, 26-майда маалым болорун билдиришкен.

Ал эми Алай районунун акимчилигинин аппарат жетекчиси Нурбек Аданбай уулу 25-майдан тартып ишке кире турган ишкердиктин түрлөрүнө уруксат берилгенин билдирди.

“Кийим-кече сатуучу базар жана 50 орунга чейинки кафе-ресторандарга иштөөгө уруксат берилген», – деди Нурбек Аданбай уулу.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: