Бүгүн, 26-майда Россиядан 400 жаран, тагыраагы жалаң кош бойлуу аялдар жана кичинекей бөбөктөр учуп келишет. Бул тууралуу жарандык активист Карим Төрөбеков билдирди.
Анын айтымында, “Шереметьево аэропортунда азыркы тапта жарандарыбыз жолго чыгуу үчүн камылгаларды көрүп жатышат. Учак атайын 5 айдан 8 айга чейинки кош бойлуу аялдар жана 2 жашка чейинки балдар үчүн уюштурулган. Азыр эркек адамдар жубайын, жакындарын учакка салуу үчүн аэропортко узатып келишкен”, – деди Төрөбеков
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ