Menu

Токтогулда эркек киши тууганына бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен

Бөлүшүү:

Токтогул райондук соту адамдын өлүмүнө айыпталган А.М. 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Белгиленгендей, 2020-жылдын январь айында А.М. тууганына 26 бычак сайган, андан кийин таксиге түшүп, кылмыш болгон жерден качып кеткен. Сот жараяны учурунда айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган.

Анын айтымында, ал тууганы менен мал базарындан жолугуп, чогуу спирттик ичимдик ичип, таксиге отурушкан. Үйгө бара жатып, эркектер жолдун боюна токтоп, унаадан түшүп, дагы спирт ичимдиктерин ичип, балалык кезин эстей башташкан.

Кандайдыр бир маалда, тууганы А.М.дан кынтык таба баштап, алардын ортосунда чыр чыгып, мушташ болуп кеткен. Тууганынын чөнтөгүнөн бычак түшүп калганын көрүп, А.М. бычакты алып, тууганына бычак сайган. Андан кийин ал колун кар менен жууп, таксиге отуруп, үйүнө кетип калган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: