Menu

Видео – Жанар Акаев: “Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары пайдаланууга тыюу салган норманы алып салыш керек”

Бөлүшүү:

Турак-жай кодексинен көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары пайдаланууга тыюу салган норманы алып салыш керек. Бул тууралуу, бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев өзүнүн бул багыттагы мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун жактап жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыр ушул мыйзам кабыл алынгандан кийин ички жана сырткы туристтерге бир топ тоскоолдуктарды жаратып жатат. Ошондой эле кызмат көрсөтүүгө дагы терс таасирин тийгизүүдө.

“Алсак, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү тарабынан көп батирлүү үйлөрдөгү турак-жайларды, турак-жай батирлеринде убактылуу жашоо боюнча ички жана тышкы туристтерге кызмат көрсөтүүлөр боюнча алардын ак-ниеттүү бизнес жүргүзүүсүнө дагы тоскоолдуктар болгон. Бюджетке дагы 72 миллион сом каражат түшпөй калды. Анын ичинде азыркы учурда жумуш орду кыскарганына күбө болуп отурабыз”, – деди Жанар Акаев.

Депутат Жанар Акаевдин ой-пикиринде азыркы учурда чакан, орто ишкерлерге бизнес кылууга мүмкүнчүлүктөрдү ачып бериш керек жана ал көп кабаттуу батирлерди мейманкана катары колдоно бергенге уруксат берүүнү сунуштады.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: