Menu

Депутат Тазабек Икрамов өзү сунуштап жаткан “коррупционерлердин туугандары да шайлоо укугунан ажыратылсын” деген нормага түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-майда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов  өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, “коррупционерлердин туугандары да шайлоо укугунан ажыратылсын” деген нормага түшүндүрмө берди:

“Урматтуу мекендештер! “Кыргыз Республикасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Мен бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгем тууралуу түшүндүрүп кетейин. Мыйзам бул коомдук муктаждыктан келип чыккан коомдук эреже. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери мамлекет катары бутуна туруп кетүүгө бир гана нерсе тоскоол болуп жатат дейбиз. Ал экономикалык коррупция. Бул илдет коомдогу болгон тармактарды курчап алды. Акаев ал тургай кечеки Атамбаев да баары коррупция менен күрөшөбүз деп жүрүп акыры өздөрү коррупцияга шектелип кетти. Демек бул илдет биздеги көйгөйлөрдүн эң башкысы. Биз дайым айтабыз. Коррупция менен күрөшөбүз деп, бирок биз анын себептерин толук изилдебейбиз. Төмөнку катмардан башталган коррупция бул жогорку деңгээлге жеткенде ач көздүккө айланып, мамлекетти тоноого кадам таштап жатышат. Бул миллиондогон мекендештерибиздин ырыскысын уурдоо деп ачык айтышыбыз керек. Мен бир жагдайга токтоло кетейин.
2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин коомчулук тарабынан люстрация мыйзамын кабыл алуу демилгеси чыккан. Бирок ишке ашкан жок. Эгерде биз люстрация мыйзамын кабыл алсак кадрдык кризиске кептелмекпиз жана миӊдеген ак дилден мамлекетке кызмат кылган жарандарыбызды ошол мыйзам менен тагдырларына балта чапмакпыз. Эгерде дал ушул мыйзамды кабыл алсак анда люстрация мыйзамы өзүнөн өзү ишке ашып, бирок мамлекет үчүн ак дилден кызмат кылган миӊдеген мекендештерибизди сактап калабыз.
Экинчи жагдай. Бул коомдук көзөмөл. Биздеги коррупциялык схема ар дайым эле өз учурунда ачыкка чыга бербейт. Эгерде мамлекеттик кызматкер коррупциялык иш аракеттерди жасаса ал биринчи болуп жакындарына, үй бүлөөсүнө билинет. Тапкан эмгек акысынан ашык байый баштаганын билген мамлекеттик чиновниктин үй бүлөсү биринчи мыйзамсыз баюууга каршы чыгып, аны ооздуктайт. “Биздин келечегибизге балта чаппа” деп маселени кабыргасынан коет. Ошол эле учурда өмүр бою коррупционер деп аталып, шайлануу укугунан ажырап калабыз дешет. Аны коомчулук бүт билип калат. Демек бул коомдук көзөмөл.
Үчүнчү жагдай. Азыр саясатта ар кандай күчтөр жеке менчикти басып алуу жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн текшерүү боюнча демилге көтөрүп жатышат. Мен коррупционерлерди эч качан колдобойм. Алар жазаланыш керек. Бирок укуктук негизде гана. Биз бул мыйзамды кабыл алсак, ошол элди ар кандай акцияларга түрткөн демилгелер кан буугандай токтоп, мыйзам талаасына келебиз. Биз ошондо гана коррупция менен укуктук негизде күрөшөбүз. Биздин ар бир жаран Кыргызстан эгемендүүлүк алганы 200-300 дөй мамлекеттик чиновниктер гана отуз жылдык элдин ырыскысын жеп, элди, мамлекетти талап тоноп жатканын билишет. Көрүп да жүрүшөт. Дал ошол 200-300 дөй чиновниктердин алды азыр пенсияга чыгып, эми балдарын, неберелерин, жакындарын шайлоого аттандырып жатат. Бул деген келечектеги кечирилгис катастрофа. Эгер биз бул мыйзамды кабыл алсак дал ошол катастрофанын алдын алган болобуз.
Бул мен демилгелеген мыйзам дүйнө жүзүндө практикаланып келет. Эгер биз дал ошол дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердей өнүгөлү десек, чындап коррупция менен эффективдүү күрөшкө өтүп, сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө элге кызмат кылалы десек дал ушул мыйзамды кабыл алышыбыз керек.
Сиздерди тереӊ урматтоо менен Жогорку Кеӊештин депутаты Тазабек Икрамов”, – деп жазат депутат Тазабек Икрамов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: