Menu

Видео – Мирлан Каниметов: “Кыргызстанда коронавирус илдети башталгандан бери мыйзам бузган жарандардын саны 98ге жетти”

Бөлүшүү:

Кыргызстанда коронавирус илдети башталгандан бери мыйзам бузган жарандардын саны 98ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов онлайн-брифинг учурунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө 98 адамдын ичинен  44 жаран үй карантин эрежесин бузган. Аларга жалпы 129 миң сом айып салынган. Учурда анын 45 миң сому өндүрүлдү. Өзгөчө абал эрежесин сактабаган 9 жаран жоопко тартылса, 5 жаран санитардык эрежени бузган. Ал эми 28 жаран чектөө киргизилген аймактар боюнча жоопко тартылууда. Санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузган 11 жаранга кылмыш иши козголсо, бир адам коронавирусту жашырганы боюнча айыпталууда. Жалпысынан 98 жаран жоопко тартылууда”, – деп билдирди Каниметов

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: