Ош шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктаган “Казак” каймана аты менен таанымал, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратовду 10 жылга эркинен ажыратты. Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов тастыктаган.
Анын айтымында, М.У.М.га карата өкүм кечээ, 26-майда чыгарылган.
Ал КР Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (жашы жете электигин билип туруп зордуктоо) боюнча күнөлүү деп табылган. Ага карата баш коргоо чарасы үй камагынан камакта кармоого өзгөртүлдү. Ал сот залында камакка алынган. Чечимге нааразы болгон тарап аппеляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу.
Соттолуучунун адвокаты Рамазан Кожомкулов соттун чечимине каршы аппеляциялые арыз азырынча бериле электигин билдирген.
Эске сала кетсек, “Казак” атыккан Умар Маратов буга чейин бир канча жолу «Уурулук», «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. Былтыр, октябрда 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалган. Бирок, ушул жылдын 8-январында Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган. 15-январда, парламентте депутат Наталья Никитенко 16 жаштагы кызды зордуктаган “Казак” аттуу криминалды үй камагына чыкканын айтып, нааразы болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ