Коронавируска чалдыккан байтаптар менен байланышта болгондорду убында изоляцияга албагандыктан Нарын облусунда инфекциянын жайылышына алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ЖКнын жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, Нарын облусунда алгач 3 гана учур аныкталган.
“Байланышта болгон адамдар өз убагында обочолонбой, ыкчам чараларды көрүшкөн эмес. Жоопкерчиликсиз мамиледен улам күн сайын ооруга чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Азыр тергөө жүрүп жатат” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Белгилей кетсек, Нарын облусунда коронавирустун 300 учуру катталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ