Menu

Бишкек жана Чүйдө 8 мектепте медкабинеттер ачылат. Медкабинеттерде кант диабети менен ооруган балдарга жардам көрсөтүлөт

Бөлүшүү:

Бишкек жана Чүй облусундагы 8 мектепте медициналык кабинеттер ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмеси менен биргеликте кызматташуу меморандумуна кол койду. Документ жалпы билим берүү уюмдарында кант диабети менен ооруган балдарга квалификациялык медициналык жардам берүүнү көздөйт.

“Меморандумга ылайык, Бишкек жана Чүй облусундагы 8 мектепте медициналык кабинеттер ачылат. Анда компьютер, муздаткыч, кант диабети боюнча методикалык колдонмолор сыяктуу бардык жабдыктар болот. Мындан сырткары, кант диабети менен ооруган балдар жана өспүрүмдөргө туура медициналык жардам берүү, медайымдарды консультациялоо, тегерек столдор жана түрдүү иш-чараларды уюштуруу пландалган”, — деп жазылат маалыматта.

Эң башкысы бул медициналык кабинеттерде башка оорулар менен ооруган балдарга да жардам берилет.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаарындагы төрт мектепте ушундай медициналык кабинеттерди ишке киргизген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: