Menu

Атамбаевдин КСДПсынан бир катар мүчөлөр чыгып кетти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова кызматтан баштып, аны партиянын мүчөсү Анвар Артыковго өткөрүп берди. Бул тууралуу маалыматты партиянын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматтар боюнча, мындай чечим партиянын жетекчилигинин бир бөлүгү Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук териштирүүгө катышкандыгына байланыштуу кабыл алынган.

КСДПнын төрагасынын орун басарлыгы милдетин аткарган Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева да токтоткон. Бирок КСДПнын мүчөсү бойдон калышты.

Төраганын дагы бир орун басары Ирина Карамушкина партиянын саясий кеңешинен дагы жана партиядан да чыкты. Ал эми Назгүл Мамытова дагы саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтотот, бирок партиянын мүчөсү бойдон калат.

КСДПнын саясий кеңешинен да партиянын өзүнөн да Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, Кундуз Ажыбекова да чыккан.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин уулдары Сейид жана Кадырбек жаңы “Кыргызстан социал-демократтары” париясын түзүшкөн. Бирок, партиянын расмий түрдө ачылышы боло элек. Жаңы бирикмеде КСДПнын атрибуттары жана символдору колдонулат. Мурунку мамлекет башчынын уулдары 2020-жылкы парламенттик шайлоого катыша турганын билдиришкен.

Мыйзам боюнча, Алмазбек Атамбаев эки партиянын тең мүчөсү боло албайт.  Социал-демократтардын катарында орун алган бөлүнүүдөн жана жаңы саясий уюмдун түзүлүшүнө байланыштуу ал эки партиянын кайсынысын колдой тургандыгын чечиши керек. Учурдагы кырдаал эки ача – Атамбаев өзү түзгөн партия жана анын балдары түзгөн партия. Эки түзүмдө тең анын шериктери бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: