Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Чек ара кызматы Мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу чек арачылар!

Кымбаттуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Чек арачылар күнү  менен куттуктайм!

Өлкөбүздүн сырткы чегин ишенимдүү кайтарып, чек арабыздын коопсуздугун камсыз кылуу менен сиздер элибиздин урматтоосуна ээ болуп жатасыздар.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында чек арачыларыбыз көптөгөн эрдиктерди жана каармандыктарды көрсөткөн.

Жергебиздин кол тийбестигине жана калкыбыздын коопсуздугуна кепил болуп, Чек ара кызматы Мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө.

Чек арачылар патриоттуулукка, ар намыска, берген антка негизделген ардагерлердин мыкты салттарын сактап, улантат деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бекем кайрат, ийгиликтүү кызмат өтөөнү каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: