Menu

Видео – Марлен Маматалиев: “Доллардын курсу, күйүүчү майдын баасы төмөндөсө да, азык-түлүктүн баасы төмөндөбөйт”

Бөлүшүү:

“Кыргызстанда доллардын курсу, же күйүүчү майдын баасы көтөрүлсө, азык-түлүктүн дагы баасы кымбаттайт. Бирок алардын баасы төмөндөсө да, азык-түлүктүн баасы төмөндөбөйт” – деп билдирди бүгүн, 28-майда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Депутат Өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, азык-түлүк маселесине көңүл буруп, монополияга каршы күрөшүү кызматына тапшырма берүүнү айтты.

“Мен азык-түлүк маселесинен көңүлүңүздү бурсам, өзгөчө унга. Ундун баасы 1300 сом болчу. Кийин 1600-1700 сомго көтөрүлдү да, ошол бойдон калып калды. Мен ошондо ун өндүргөн компаниянын директору менен сүйлөшкөн элем. Ал “бир жагынан ажиотаж болуп, доллар курсу менен күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткен үчүн ундун баасы жогорулап жатат, ошондуктан аны арзандата албайбыз” деген эле. Бирок азыр доллардын курсу, күйүүчү майдын баасы төмөндөдү, а ундун баасы ошол бойдон турат. Ушуга көңүл буруп койсоңуз, монополияга каршы күрөшүү кызматына тиешелүү тапшырма берсеңиз”, – деп депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: