Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган 12 кишинин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда коронавирус жуктуруп алган 512 бейтап ооруканаларда жатат.
“Стационарларда дарыланып жаткан бейтаптардын 12синин абалы оор. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 6 адам жатат”.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 28-майда бул илдетти жуктуруп алган жаңы 74 учур катталды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Илдеттен 1066 бейтап айыгып, 16 адам көз жумду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ