Menu

Ветеринардык инспекция: Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу

Бөлүшүү:

Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Эч кандай кооптонуулар жок. Малдар жайытка чыгып жатат. Малдарды жылына эки жолу эмдөп турабыз. Учурда бардыгы жазгы эмдөөдөн өттү. Ветеринардык адистердин бардыгы жер-жерлерде иш алып барып жатышат” – деп билдирди Калысбек Жумаканов.

Ал ошондой эле малдан адамга жуга турган оорулар дагы азайганын кошумчалады.

“Мисалы, Сибирь жарасы, бруцеллёз, эхинококкоз деген оорулар бар. Биз иттерди дарылап жаткандыктан, эхинококкоз оорусу кескин түрдө азайып жатат. Бруцеллёз болсо, 5-6 жыл мурункуга салыштырмалуу 5 эсе адамдардын арасында азайды. Себеби бул оору адамдан адамга жукпайт. Биз койлорду, уйларды активдүү түрдө вакцинациядан өткөрүп жаткандыктан, малдан адамга жуга турган оорулар өлкө боюнча кескин түрдө азайды”, – деп билдирди Калысбек Жумаканов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: