“Мектепке электрондук түрдө катталуу” системасы боюнча балдарды 1-класска кабыл алуу кайра жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү уюмдары пандемияга байланыштуу жабылганы үчүн порталдын иши убактылуу токтотулган болчу. Буга чейин балдарын каттаган гана ата-энелер системага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, директорлорго билдирмелерге кирүү укугу убактылуу чектелген болчу.
“Эми портал мурдагыдай режимде иштеп жатат. Мектептер келип түшкөн документтерди кароого киришти. Билдирмени калтыруу үчүн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg дарегине кирип, керектүү документтердин баарын тиркеши керек”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле , 2020-21-окуу жылында балдарды мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларын да жүргүзүлүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ