Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 29-майда түнкүсүн өлкөдө жаан-чачын болбойт. Түштөн кийин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын жана Талас облусунун айыл чарба аймагында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош облусунун айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 м/с чейин жетет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +26… +31,
Таласта түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +25…+30,
Баткенде түнкүсүн: +16… +21, күндүз: +28…+33,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +16…+21, күндүз: +28…+33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +21…+26,
Нарында түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +23…+28,
Бишкекте түнкүсүн +14…+16, күндүз: +29…+31.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ