Menu

Видео – Канат Исаев: “Дордойдо” 1 контейнер жылына казынага 120 миң сом төлөйт, ал эми 346 гектар аянт бөлүнгөн “Бишкек” эркин экономикалык аймак болгону 60 миң сом төлөйт экен”

Бөлүшүү:

“Бишкек” эркин экономикалык аймагы кызматкерлеринин саны негизсиз көбөйтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында “Бишкек” эркин экономикалык аймак тууралуу маселе каралып жатканда айтты.

“Бишкек” эркин экономикалык аймак 300 миллион сомдон ашык каражат чогултат. Өкмөттүн токтомунун негизинде, мамлекетке ошонун 2 пайызын, демек 6 миллион сомдун тегерегинде төлөм кылыш керек болчу. Өкмөттүн быйылкы март айындагы токтомунун негизинде, 2016-жылдан баштап 2 пайызды 0,2 пайызга которуп, 2019-жылы 0,02 пайызга которуп жатат. Сиз, Дүйшөн Исмаилович, жетекчи болуп келгенден бери штаттык түзүмүңүз эки эсе көбөйүптүр. Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү фондуна 10 миллион котордуңар. Эсебиңерде 50 миллиондон ашык каражат турат. Мамлекеттик бюджетине 6 миллион сом төлөп койсоңор, андан эч нерсе кемимек эмес” – деп билдирди Канат Исаев.

“Өкмөт “Бишкек” эркин экономикалык аймакты бир да карап койбойсуңар. Аны мамлекет көзөмөлдөбөй эле, өзүнчө мамлекет болуп калыптыр. Маалымат үчүн, “Дордойдо” бир контейнер айына 10 миң сом төлөм төлөйт, жылына 120 миң сом. Эми 346 гектар аянттык камтыган чарбаны жылына 60 миң сом төлөй тургандай кылып жатасыңар. Ошол эле учурда, 2015-жылдан бери штаттык түзүм эки эседен ашык көбөйгөн. Экономика министрлеринин мурунку орун басарлары кеминде 100 адамды кызматтан алып салса болот деди. ЭЭАнын директору курулуш үчүн материалдарды өзүнүн туугандарынан тендерсиз эле сатып алган деген маалыматтар бар” – деди Канат Исаев.

“Мен жетекчи болуп келгенде дирекцияда 600 адам болчу, азыр аны 300гө кыскарттык. Аппаратта 45 адам, калган баары жөнөкөй жумушчулар” – деп жооп берди ЭЭАнын директору Дүйшөн Ирсалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: