Кыргызстанда 8-июндан тартып ички авикаттамдардын иши жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, Бишкек – Ош каттамы боюнча күнүнө бир жолу учууга уруксаат берилет.
“Авиакомпаниялар бардык коопсуздук эрежелерин сактоону жана жүргүнчүлөрдүн ортосундагы аралыкты камсыз кылышы керек” – дейт Кубатбек Боронов.
Белгилей кетсек, аймактар арасында жүргүнчүлөрдү автобус жана микроавтобустар менен ташууга дагы деле тыюу салынат.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ