Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эпидемиологиялык абал жакшырып калды. Ооруну убагында токтотуп калууга жетиштик. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, аталган райондо жалпы 38 кишиден коронавирус табылган. Анын баары Каныш-Кыя деген бир айылдын тургундары болгон.
“Чаткал районунда бардыгы болуп 38 жаран ооруга чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 33ү айыгып чыгып, бешөө дарыланып жатат. Ал жакта ооруну убагында токтотууга жетиштик. Бейтаптын баары Каныш-Кыя айылында жашачу. Карантин киргизип, башка айылдарга каттоонун баары токтогон. Азыр ал жакта абал жакшырды. Жакынкы күндөрү бул айылда мындан да жакшы абалга жетүүгө мүмкүнчүлүк бар”, – деди Боронов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ