Белгилей кетсек, апрель айында Бишкекте бет кап кийбегендиги жана өздүгүн тактаган документи жоктугу үчүн токтоткон милиция кызматкерлерин жаш кыз ашата сөгүп, аларга кол көтөрүп, “сасык кыргыздар”, “кыргыздардын бардыгы койлор” деп сөгүнгөн.
Бул факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин алкагында кармалган адамдын өздүгү аныкталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ