Menu

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарды кабыл алууну убактылуу токтотту

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымдады.

Анын айтымы боюнча, ооруканада коронавируска чалдыккан 180 бейтап дарыланып жатат, азырынча алар абалы өтө оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырыла турган бейтаптарды гана кабыл алышат.

“Акыркы күндөрү 19 медициналык кызматкер вирусту жуктуруп алды. Биз ар дайым текшерүүдөн өтүп, анализ тапшырып жатабыз. Акыркы текшерүүдө оорулууларды таптык. Андыктан, жаңы бейтаптарды кабыл албайбыз, оорукананы обсервацияга жабабыз” – дейт башкы дарыгер.

Гүлжигит Аалиев, кошумчалагандай, 14 күн аралыгында көпчүлүк бейтаптар ооруканадан чыгарылат. Кызматкерлерден бир нече жолу анализ алынат жана оорукана дезинфекцияланат. Андан кийин жаңы бейтаптарды кабыл алуу улантылат.

Башкы дарыгердин айтымы боюнча, бардык кызматкерлер 65 күн ооруканадан чыкпай иштешкен. Учурда республикалык инфекциялык оорукана бир гана коронавируска чалдыккан бейтаптарды гана дарылап жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: