Menu

1-июлдан баштап областтык мамлекеттик гезиттер кайрадан чыга баштайт

Бөлүшүү:

Областтык мамлекеттик гезиттерди чыгаруу 2020-жылдын 1-июлунан баштап, бюджеттик каржылоо менен кайрадан жүргүзүлө баштайт.

Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Н. Кадырбеков облустук медиаборборлордун башкы директорлорунун катышуусу менен өткөрүлгөн онлайн видеоконференцияда билдирди.

 Аймактык медиаборборлордун курамындагы областтык мамлекеттик гезиттерди чыгаруу 2020-жылдын март айынан баштап, республикада COVID-19 коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын алдын алуу үчүн өзгөчө кырдаал/абал режиминин киргизилишине байланыштуу убактылуу токтотулган.

Жарандарды так жана оперативдүү маалымат менен камсыздоо иштеринде медиаборборлордун телеканалдарынын эфирдик сеткасына өзгөртүүлөр киргизилип, автордук берүүлөрдүн саны кыскартылып, маалыматтык программалардын эфирдик убактылары кеңейтилген.

Аймактык медиаборборлор тарабынан республикадагы эпидемиялык оор кырдаал шартында мекеменин кызматкерлеринин саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо аракетинде ишке чектелген сандагы кызматкерлер тартылган.

Онлайн видеоконференцияда аймактык медиаборборлордун башкы директорлоруна гезиттерди чыгарууну кайрадан баштоо иштеринде гезиттин мазмунун жана сапатын жакшыртуу, мекеме-ишканалар жана жарандардын гезитке жазылуусун уюштуруу, нускасын көбөйтүү аракеттерин көрүү тапшырмасы берилди.

Видеоконференция учурунда облустук гезиттерди өзүн-өзү каржылоо менен чыгаруу маселеси талкууланды. Бирок, Бюджет Кодекси баштаган  бир канча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизмей сайын, тилекке каршы, бул демилгени ишке ашыруу мүмкүн эместиги белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: