Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Коронавирус аныкталган бир бейтаптын кайдан инфекция жуктурганы белгисиз болууда”

Бөлүшүү:

Кыргызстанда коронавирус аныкталган бир бейтаптын кайдан инфекция жуктуруп алганы азырынча белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

“Коронавирус аныкталган адамдардын бирөөсүнүн кайдан жуктуруп алганы аныкталбай жатат. Ошого байланыштуу башкаларга да инфекцияны жугуу коркунучу чоң. Андыктан калкты бардык санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз” – деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-майда өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алган 26 жаңы учур катталган. Анын ичинен 23 адам тыгыз байланышта болгондор. Ал эми экөө сырттан келгендер. Биринчиси жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу болсо, экинчиси апасы менен Россиядан келген өспүрүм.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: