Кыргызстанда 7630 адам үй карантининде медициналык көзөмөлдө турат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда республика боюнча обсервацияда жалпы 2393 адам жатат.
Ошондой эле, акыркы бир сутка ичинде 1151 лабораториялык тастыктоо иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында жаңы 69 коронавирус инфекциясы аныкталды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ