Ат-Башы районунда жашаган тоголок жетим кыз Талантбек кызы Тахмина президенттен белек алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Тоголок Молдо айылындагы Т. Сатылганов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Тахмина белекке ноутбук алган. Оор тагдырына карабай окуучу кыз мектепте жакшы окуйт жана иш-чараларга активдүү катышат.
Тахмина 9 айлык кезинде ата-энесинен айрылган. Ошондон бери ал тайэнеси Бактыгүл Жаныбекова менен жашайт. 2019-жылы Тахмина президентке кат жазган. Ал эми президент берген белекти кызга Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов тапшырды.
Мындан тышкары, Эмилбек Алымкулов Тахмина жашаган үйдүн чатырын оңдоп, калыбына келтирүүгө убада берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ