Menu

Бишкекке Минскиден 179 кыргызстандык кайтып келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-июнь күнү Беларуссиядан 179 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Avia Traffic компаниясынын Минск – Бишкек каттамы Кыргызстандын Беларуссиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Аталган каттам менен Кыргызстандын Австриядагы, Армениядагы, Беларуссиядагы, Венгриядагы, Улуу Британиядагы, Германиядагы, Литвадагы, Италиядагы, Испаниядагы, Голландиядагы, Польшадагы, Украинадагы, Франциядагы, Чехиядагы, Швециядагы, Швейцариядагы жана Эстониядагы жарандары алынып келинген.

“Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Европадагы чет өлкөлүк агенттиктерине берилген арыздардын негизинде түзүлгөн” – деп айтылат маалыматта.

Учурда чет өлкөдөн келген жарандар обсервацияга жаткырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: