Menu

ЖКнын тармактык комитетинде шайлоо күрөөсүнүн көлөмү боюнча депутаттардын сунуштары каралды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети экинчи окууда шайлоо босогосун 9%дан 7%га чейин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун карады.

Комитеттин төрагасы Канатбек Керезбеков концепциядан тышкары, биринчи окуунун жыйынтыгы боюнча депутаттардан шайлоо күрөөсү боюнча сунуштар келип түшкөнүн билдирди.

Ошентип, депутаттар Дастан Бекешев жана Марлен Маматалиев тарабынан шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү сунуш кылды.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев шайлоо күрөөсүн 10 миллион сомго чейин көтөрүүнү жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча бул сумманы кайтарып бербөөнү сунуш кылды.

Депутат Алтынбек Сулайманов жеңишке жеткен партияларга күрөөнү кайтарып берүү жагынан адилетсиздик бар экенин белгиледи.

“Утулган  партиялар эч нерсеси жок калышат. Бардык катышкан партияларга акчаны кайтаруу же аны эч кимге кайтарбоо маселесин карап чыгуу керек” – деп билдирди депутат.

Депутат Иса Өмүркулов күрөөнүн суммасын эмес, шайлоо босогосун төмөндөтүш керек деп эсептейт.

“Эгерде биз парламенттик республика болуп парламентаризмди өнүктүрүүнү көздөсөк, анда 5 миллион сомдук күрөөнү калтыруу керек. Антпесе, шайлоого 30-40 партия катыша тургандай шарт түзүлөт. Биз саясий күчтөргө кошулушубуз керек” – деп билдирди Иса Өмүркулов.

Ал эми Кенжебек Бокоев менен Курманкул Зулушев бул сунуштар мыйзам долбоорунун концепциясына киргизилген эместигин айтып, регламент бузулуп жатканын белгилешти.

Дастан Бекешевдин жана Нурбек Сыдыгалиевдин сунуштары Комитет мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган жок.

Натыйжада, шайлоо босогосун 9% дан 7% га чейин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору Конституциялык комитет тарабынан экинчи окууда жактырылды.

Белгилей кетсек, учурдагы мыйзамдарга ылайык, шайлоо күрөөсү 5 миллион сомду түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: