Menu

Нурболот Мирзахмедов: “Аксы районунда Россиядан “Жүк-200″ менен маркумдун сөөгүн коштоп келген бир кишинин айынан бүт айыл карантинге алынды”

Бөлүшүү:

Жалал-Абаддын Аксы районуна Россиядан “Жүк-200” менен маркумдун сөөгүн коштоп келген бир адам 31 киши менен байланышып, азыр бүт айыл карантинге алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда онлайн-брифингде Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аймакта 108 адам үй карантининде көзөмөлдө турат. Алар Аксы районунда- 31 адам, Сузак районунда- 11 адам жана Токтогул райондорунда- 66 адам.

“Ал жаран жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдарын укпастан унаадан түшө калып ызы-чуу чыгарып, 31 адам менен байланышта болгон. Мына ушунун кесепетинен биз 31 адамды үй көзөмөлүнө алып, сыртка чыгарбай жатабыз. Мен айтат элем ушундай маркумду узатып келгенде сабырдуулук менен туура кабыл алып, келгенден кийин адамдар менен жакын байланышта болбой, обсервацияга алып барганга каршы чыкпай өзүнүн макулдугун берсе жакшы болмок. Коюлган талаптарды сактабагандыктан бир айылды биз карантинге алып, айылдын ичиндеги элдерди башка жака чыгарбай жатабыз!,- деди Мирзахмедов.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: