Menu

Орусияда мекендешин зордуктап, видеого тартып алган кыргызстандык шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Орусияда мекендешин зордуктап, видеого тартып алган шектүү кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу кечээ, 2-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, май айынын аягында 29 жаштагы кыргыз жараны Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылган. Арыз ээси Баткен облусунун тургуну болгон. Жабырлануучу кыз чала таанышы тарабынан зордукталганын айткан. Иликтөөдө белгилүү болгондой, зордуктаган жаран бардык иш-аракетин уюлдук телефондун камерасына тарткан. 

Жабырлануучунун арызы Москва облусунун Ногинск шаарынын аймактык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштарды жана арыздарды каттоо журналына катталган. Көрүлгөн аракеттерге ылайык, шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1985-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну кармалган. Ал Орус жарандыгын алганы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Орусиянын тергөө комитетинин Ногинск шаары боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Орусиянын Жазык кодексинин 131-беренесинин “б” пунктусунун 2-бөлүгүндө (өмүрүнө коркунуч келтирүү менен зордуктоо) каралган кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: