Menu

Максат Сабиров, ЖК депутаты: “Премьер-министр кайда жүрөт? Эмне үчүн эмгек өргүүгө кетти?”

Бөлүшүү:

Депутат Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин эмгек өргүүсүнө чыкканын бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сындады.

“Мен бир нерсеге түшүнбөй турам. Өткөндө Тажикстан менен болгон чек арада чоң кагылышуулар болду. Өзбекстандын чек арасында отуз биринде болду. Андан тышкары өзгөчө кырдаал жабыла элек. Премьер-министр кайда жүрөт? Эмне үчүн эмгек өргүүгө кетти? Армениянын премьер-министри коронавирус жуктуруп алдым, бирок мен үйдө отуруп алып иштейм деп айтты. Ал эми биздин премьер эс алганга кетип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Ошол боюнча коалициялык көпчүлүк, Жогорку Кеңеш реакция кылышыбыз керек. Ишин вице-премьер-министрлерге тапшырып коюп, эс алып жүрчү убакыт эмес. Анткени өкмөттү силер түптөгөнсүңөр деп эл бизден сурайт. Азыр айтылып жатат. Социалдык тармактардын баарына чыгып жатат. Тийиштүү комитетке тапшырмаларды берип карап койсок”, – деди Сабиров.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “Бул сунушуңуз эске алынат. Эртең күн тартибинде чек ара маселеси каралат”,- деп жооп берди.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: