Menu

Видео – Кыргызстан Өзбекстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-июнда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин көмөктөшүүсү менен Өзбекстан Республикасынын Сырдарья облусунун Гулистан шаарында Сардобин суу сактагычындагы дамбанын жарылуусунан жабыркаган Өзбекстан Республикасынын ЖЧК «Мөл Булак» кыргыз компаниясы тарабынан жиберилген гуманитардык жардамды тапшыруу болуп өттү.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, облустун прокурору Равшан Машарипов, Сырдарья облусунун хокиминин орун басары Данияр Мадиримов, облустун аксакалдары жана облустук ММК катышышты.

Гуманитардык жүккө 20 тонна макарон, 20 тонна күрүч, 10 тонна өсүмдүк майы, 10 тонна шекер, 5 тонна ичүүчү суу, ошондой эле 10 тонна картошка кирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзбек тарап Сырдарья облусунун элин кезектеги колдоосу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: