Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 4-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын агрардык зонасында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +15…+20, күндүз: +31… +36,
Таласта түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +30…+35,
Баткенде түнкүсүн: +16… +21, күндүз: +32…+37,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +16…+21, күндүз: +32…+37,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +22…+27,
Нарында түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +24…+29,
Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндүз: +33…+35.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ